• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

37 адамдан COVID-19 табылып, 1 бейтап каза болду

23 Бештин айы 2021 9:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-декабрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 13;
  • Чүй облусунда – 9;
  • Ош облусунда – 2;
  • Талас облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 6.

Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 299 бейтап, амбулатордук түрдө 343 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 356 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 788 адам каза болду.

Количество просмотров: 63