• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

38 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду

26 Бештин айы 2021 12:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 26-декабрга карата коронавирус дагы 38 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарына – 23,

Ош шаарында – 1,

Чүй облусунда – 2,

Ош облусунда – 2,

Ысык-Көл облусунда – 7,

Жалал-Абад облусунда – 2,

Баткен облусунда – 1 адам.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 279 бейтап, амбулатордук түрдө 327 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 477 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 589 киши айыгып чыкса, 2 миң 795 адам каза болду.

Количество просмотров: 75