Бишкекте бул жумада аптаптуу аба ырайы сакталып, абанын температурасы +38 градуска чейин жетет.
Алсак, 22-июль, шейшемби күнү абанын табы +36…+38°, ал эми түнкүсүн +20…+22° болот.
23-июль, шаршембиде күндүз +36…+38°, түнкүсүн +20…+22° болсо, 24-июль, бейшемби күнү +35…+37°, түнкүсүн +20…+22° болот.
Аптанын жума күнү +35…+37°, түнкүсүн +19…+21 градуска чейин жетет.
Ал эми 26-июль, ишемби — +36…+38°, түнкүсүн +20…+22°, ал эми 27-июль, жекшембиде +36…+38°, түнкүсүн +21…+23° болот.