• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатышат

6 Аяк оона 202414:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын 6-сентябрдагы жыйынында билдирди.

«Ушул тапта жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактарда жалпы 3817 үй-бүлө жашап жатышат. Анын ичинде 2396 үй-бүлө Ош облусунда болсо, мунун көпчүлүгү — 1300 үй-бүлө бир эле Өзгөн районунда. Калгандары Ош шаарында, Баткен жана Жалал-Абад облустарында. Кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн баарына колуна эскертүү берилип, коопсуз жакка көчүү сунушу берилген. Бирок «кудай сактасын» деп коюп, эле кетпей жашап жатышат. Айрымдары коопсуз жакка көчөбүз деп убагында ссуда акча алып алышкан. Аларды сот аркылуу көчүрүү гана аргабыз калды», — деди Кулматов.

Фракция мүчөсү Таалайбек Сарыбашев Ош облусунда жер көчкү жүрүп, коопсуз жактарга көчүрүлгөн жарандардын арасында да кайра эле мурдагы кооптуу аймакка барып жашап жаткандары да бардыгын айтып, аларды мыйзам алкагында мажбурлап көчүрүү зарылдыгын эскертти.

Количество просмотров: 162