• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

39 көчөдө тротуар жасалып жатат. Суук түшкүчө бүтөбү?

22 Аяк оона 2023 11:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы 39 көчөдө тротуар жасалып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

«Карап көрсөңүздөр шаардын баары эле казылып жатат, шаардыктар сурап жатышат, «кышка чейин бүтөбү?» деп. Бизде былтыр Советский көчөсүндө тротуарлар башталып, суук түшүп бүтпөй калган, биз ошого график түздүк. 10го жакын жол компаниялары иштеп жатат. Бизге тоскоол кылганы жолго чыгып кеткен курулуштар көп. Ошолорду алдырып жатабыз. Ар бир тротуар менин, вице-мэрдин, акимдин көзөмөлүндө. Тапшырма коюлган, долбоор да ошондой суук түшкүчө буйурса бүтүрөбүз», — деди мэр.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аркылуу жалпы узундугу 30,2 чакырымды түзгөн тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. 349502,1 миң сом суммасында, 90% аткарылды.

Мындан тышкары 454 543,76 миң сом кошумча каражатка узундугу 57,33 км болгон дагы 21 объект киргизилген. Шаардын борборундагы тротуарларды оңдоо боюнча айрым участоктор дээрлик 70%, калгандары кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилерди демонтаждоодон улам 30% гана бүткөрүлүп, мөөнөттөрү өзгөрүлдү.

Бул багытта «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жана 11 подряддык компания күчөтүлгөн режимге өттү. Мисалы, Медеров көчөсүнө Абай көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин ирригация жана бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөө гана калды.

Асфальт төшөөгө толук даяр көчөлөр: Бөкөнбаев көчөсү Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин, Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектине чейин, Ибраимов көчөсү Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин, Исанов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Лев Толстой көчөсүнүн чыгыш тарабы Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин, түштүк тарабы Панфилов көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин жана Горький көчөсүнө чейин.

Количество просмотров: 110