• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте аптада 4 579 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

10 Бугу 20219:28 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинен 6-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 579 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар кандай эреже бузган 363 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Анын ичинен:

-мас абалында автоунаа башкаруу — 32;

— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 9;

— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 45;

— “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар — 34;

— башка жол эрежелерин бузуулар — 4 459.

Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 101