Үстүбүздөгү жылдын 6-ноярынан 12-ноябрына чейин өлкө аймагында 19 миң 571 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 284
-Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу -312;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-99;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар- 1036;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2706;
-Авто ээнбаштык — 8;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4098;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 841;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1778 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.