• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

4 депутат тууну өзгөртүүгө эмне үчүн добуш бербей калганын түшүндүрүштү

21 Бештин айы 2023 17:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-декабрдагы ЖКнын жалпы жыйынында кечээ тууну өзгөртүүдө добуш бербеген депутаттар сөз алып, долбоорду колдой турганын айтышты.

Депутаттар кечээ добуш берүүгө эмне себептен катыша албай калганын айтышты.

Депутат Гүлкан Молдобекова шайлоочулары келип калып добуш берүүгө жетише албай калганын айтса, Азамат Исираилов мыйзамды колдой турганын стенограмма үчүн айтып коёюну чечкен.

Ал эми Арсланбек Малиев баскычы (кнопкасы) басылбай калганын, өзгөртүүнү колдоорун, бирок желектин түсү көк болсун деп келерин жана кийин ошол сунушту баары бир киргизе турганын айтты.

Депутат Данияр Төлөнөв,»экинчи окууда добуш бергем, үчүнчү окууда компьютерим иштебей калды. Ошого добуш бере албай калдым. Мен толугу менен колдойм», — деди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алган.

Мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Нурланбек Шакиев жана Улан Примов. 19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети да документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген эмес.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, катуу талаш жаралууда.

Количество просмотров: 166