• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Жалпы саны — 195

30 Чын куран 202010:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-апрелге карата Кыргызстанда дагы 4 медицина кызматкери коронавирус жуктурду. Бул тууралуу бүгүн эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 195 адамга жетти. Анын ичинен 105 медицина кызматкери айыгып, ооруканадан чыкты.

Жаңы катталган медицина кызматкерлери:

— Ош облусунда – 1;

— Чүй облусунда — 2;

— Бишкек шаарында – 1.

Количество просмотров: 88