• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

4 медкызматкерден коронавирус табылды

29 Бугу 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкөдө 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бишкек шаарында 3, Ош шаарында бир медкызматкер илдетке кабылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер айыгып чыктв», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 24