• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

4-сентябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт

4 Аяк оона 2018 9:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.09.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылышы 2018-жылдын 4-сентябрында өтөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КР мыйзамынын 34-беренесине ылайык парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы №117 Токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципиалдык уюмдарда, мекемелер менен ишканаларда 5 күндүк иш тартибинде иштегендер үчүн 2018-жылдын 7-майындагы  эс алуу күнү 2018-жылдын 3-сентябрына которулган.

Буга ылайык 3-сентябрь эс алуу күнүнө туура келгендиктен, 4-сентябрда VI чакырылыштын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт.

Количество просмотров: 51