Эртең, 4-сентябрда Ысык-Көлдүн айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +26…+31;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +23…+28 градус.
Бишкек шаарында түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32.