• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

+40: 8-июнда күтүлгөн аба ырайы

7 Кулжа 2023 14:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 8-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 37…39 градус ысык болот.

Количество просмотров: 214