• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

40 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

18 Бештин айы 2021 11:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 18-декабрга карата коронавирус дагы 40 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 21;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Ош облусунда – 3;
  • Талас облусунда – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда – 7.

Ал эми бир суткада 42 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 294 бейтап, амбулатордук түрдө 357 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 163 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 247 киши айыгып чыкса, 2 миң 781 адам каза болду.

Количество просмотров: 124