Кыргызстанда 5-7-июнь күндөрү күн катуу ысыйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган күндөрү Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүн табы 37…39 градуска чейин жетет. Ал эми Таласта 36…38 градус ысык болот.