Кыргызстанда 15-майга карата коронавирус дагы 404 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жаңы учурлар:
Ал эми бир сутка ичинде 349 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Айыккандар:
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 3, Талас облусунда — 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 717 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 524 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 249 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 302 киши айыгып чыкса, 1 миң 695 адам каза болду.