• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

41-автобустун жүрүү убактысы кечигип, айдоочулары орой мамиле жасашат

3 Кулжа 202214:16 Бишкек Govori.TV

Мурас-Ордо жаңы конушуна каттаган 41-кичиавтобусунун жүрүү убактысы кечиктирилип жатат. Бул тууралуу Жаш гвардия бульварындагы аялдамада турган жүргүнчүлөр «Govori.TV»га билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мурас-Ордого бара турган жүргүнчүлөр кеминде 1 сааттан бери автобустун күтүп жаткандарын айтып, кейишүүдө.

Бул туурасында Бишкек шаарынын транспорт департаментинен, автобустардын жүрүү аралыгы эң кечиктирилсе 20 мүнөттөн ашпашы керектигин айтты.

Кошумчалай кетсек, мындай көрүнүш биринчи ирээт болуп жатпагандыгына токтолгон жүргүнчүлөр, айдоочулардын орой мамиле жасаарына да нааразы болушту. Атын атагысы келбеген күбөөнүн айтымында, айрым учурда баласы менен коляскачан тургундарды да албай кетишет.

Количество просмотров: 314