• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

421 адамдан коронавирус табылды

14 Теке 2020 10:05 Бишкек Govori.TV

14-июлга карата Кыргызстанда дагы 421 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында – 176;
  • Чүй облусунда — 87;
  • Ош шаарында — 58;
  • Ош облусунда — 6;
  • Жалал-Абад облусунда — 40;
  • Баткен облусунда — 21;
  • Ысык-Көл облусунда — 31;
  • Нарын облусунда — 1;
  • Талас облусунда — 1.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 11 миң 538 адамга жетти.

Количество просмотров: 233