426 адамдан COVID табылып, 2 бейтап көз жумду
24 Үчтүн айы 2022 9:19 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда 24-январга карата коронавирус 426 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 314;
- Ош шаарында – 10;
- Чүй облусунда – 44;
- Талас облусунда – 4;
- Нарын облусунда – 4;
- Ысык-Көл облусунда – 10;
- Жалал-Абад облусунда – 18;
- Баткен облусунда – 22.
Акыркы суткада эки бейтап каза болду. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 195 миң 820 адам коронавирус жуктурган. 2 миң 851 адам каза болду.
Подписаться:
Количество просмотров: 55