Бүгүн, 13-февралга карата 43 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 20 адам;
— Ош шаарында 1 адам;
— Чүй облусунда 4 адам;
— Ош облусунда 6 адам;
— Талас облусунда катталган жок;
— Нарын облусунда 4 адам;
— Ысык-Көл облусунда 4 адам;
— Жалал-Абад облусунда 2 адам;
— Баткен облусунда 2 адам.
Кыргызстанда жалпы 85 441 адам COVID-19 диагнозу менен катталган.