• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

43 кишиден COVID жаңы табылып, 3 бейтап каза болду

24 Жетинин айы 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө 24-ноябрга карата таажы илдети дагы 43 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 14;
  • Ош шаарында – 2;
  • Чүй облусунда – 11;
  • Ош облусунда – 3;
  • Нарын облусунда – 1; Ысык-Көл облусунда – 8;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 1.

Эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 582 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

Количество просмотров: 87