• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

43 медкызматкерден коронавирус табылды

27 Кулжа 2020 10:40 Бишкек Govori.TV

 Сутка ичинде 43 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Бишкек шаарында 19, Чүй облусунда 7, Ош шаарында 7, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4 медкызматкер илдетке кабылды»,-деди Каратаев.

Мындан тышкары, Каратаев
стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыкканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, далпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 712 учур катталды, алардын ичинен 414 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 95