• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда эмделгенден кийин терс таасири байкалган 44 аскер кызматкеринин абалы айтылды

6 Баш оона 202115:35 Бишкек Govori.TV

Эмдөөдөн кийин өздөрүн жаман сезген 44 аскер кызматкеринин баарынын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка карганда, Жалал-Абадда вакцинаны сайгандан кийин 44 аскер кызматкеринин абалы начарлаган. Буга байланыштуу республиканын бардык аймактарында AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтотулган.

Жалпысынан Жалал-Абад облусуна Astra Zeneca вакцинасынан 4000 доза жөнөтүлгөн, анын 211и сайылган. Окуя болгон Ала-Бука аскердик бөлүгүндө 90 кызматкер эмделген.

Количество просмотров: 1632