• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аскер кызматкери үч эмдин атасы болду

16 Тогуздун айы 202414:46 Бишкек Govori.TV


Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын 36806-аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери Мирлан Дастан уулу үч эмдүү болду.

Министрликтен маалымдашкандай, 26 жаштагы Мирлан Дастан уулу 2017-2018 жылдары 36806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ошол эле аскер бөлүктө 7 жылдан бери аскердик кызматын улантып келет.

Ал 2020-жылы жубайы Алмазбек кызы Нуриза менен баш кошуп, 2021-жылы Аманбай аттуу уулдуу болушкан.

Ушу жылдын 12-октябрында жубайлардын үч перзенти – эки уул, бир кызы жарык дүйнөгө келди. Аларга Асел, Атай, Бакай деген ысымдар ыйгарылды.

Количество просмотров: 155