• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Тамактануучу жайда газ баллон жарылды. Аскер кызматкери каза болду

10 Теке 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ ЭРДЭНЭТ ШААРЫНА КЕЛДИ

Президент Садыр Жапаров Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын экинчи күнүндө бүгүн, 10-июлда, Эрдэнэт шаарына келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Бул жерде өлкөдөгү ири тоо-кен ишканаларынын биринин ишмердүүлүгү менен таанышуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголияда жүрөт. Анын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат.

АСКЕР КЫЗМАТКЕРИ КАЗА БОЛДУ

Баткенде аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Маалыматты Коргоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, суткалык нөөмөт учурунда куралга этиятсыз жасалган мамиленин кесепетинен 35524 аскер бөлүгүндө аскер кызматкери каза болду.

Окуянын себептери такталып жатат, кызматтык иликтөө дайындалды.

 ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙДА ГАЗ БАЛЛОН ЖАРЫЛДЫ

Ош шаарында тамактануучу жайда газ баллон жарылып бир жаран каза болду. Маалыматка караганда, 9-июль күнү болжол менен саат 16:00до милициянын нөөмөт бөлүмүнө А. Мамыров көчөсүндөгү тамактануучу жайда жарылуу болуп, бир киши каза болгондугу тууралуу телефон аркылуу кабарланган. Тергөө кызматынын маалыматына караганда, тамактануучу жайда газ баллон жарылып, натыйжада Ош облусунун 36 жаштагы Ш.Н. аттуу тургуну каза болгон.

Окуянын келип чыгуусун аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тамактануучу жайда иштеген кызматкерлер суракка алынып келип, жооптуу жетекчилердин жоопкерчилиги дагы каралууда. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 99