• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

46 адамдын өмүрүн алган шахтадагы кырсык боюнча 7 киши кармалды

11 Бештин айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Костенко атындагы шахтада 46 кенчинин өмүрүн алган жарылууга байланыштуу жети киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Кармалгандардын аты-жөнү ачык айтылган жок, болгону алар жетекчиликтин жана инженердик-техникалык персоналдын өкүлдөрү экени жазылган. Аларга «Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айып тагылууда. Кармалгандар Караганды облустук полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

«Тергөөнүн алкагында шахтанын ишиндеги коопсуздукка тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөн «АреслорМиттал Темиртау» компаниясы менен Караганды облустук өнөр жай коопсуздугу департаментинин кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет», – деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Караганды облусунда жайгашкан Костенко атындагы шахтада 28-октябрда жарылуу болуп, 46 кенчи өлүп, дагы 48и жаракат алган. Бул кырсыктан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кенди иштеткен «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын ээси менен кызматташтыкты токтотууну тапшырып, анын жетекчилигин алмаштырган. Өткөн жуманын аягында бийлик ArcelorMittal’дын активдерин ишкер Андрей Лаврентьевдин Allur компаниялар тобуна өткөрүп берип жатканы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 333