• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

№47 абактагы видео спорттук иш-чарада тартылганы айтылды

12 Жетинин айы 2020 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №47 абакта отурган «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев жана башка соттолуучулардын социалдык түйүндөргө тараган видеосу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшүндүрмө берди.

ЖАМК билдиргендей, 5-ноябрда «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш жана менюга ылайык футбол аянтчасында соттолуучуларга тамак берилген.

«Түшкү тамактануу учурунда жупуну дасторкон жайылып, анда спорттук иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылды, ошондой эле диний жөрөлгөлөр (Куран окуу) өткөрүлдү. Аталган факты боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анда 10 жылга эркинен ажыратылган соттолуучу А.Н.га тиешелүү уюлдук телефон табылган. Ал видеого тартканы үчүн 1 айга камерага киргизилген. Мындан тышкары уюлдук телефонду колдонууга жана алып жүрүүгө жол берген кызматкерлерге карата ЖАМКнын ички текшерүүсү башталды”, – деп жазылат маалыматта.», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 11-ноябрда социалдык тармактарда N47 абакта футболдук аянтчада жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы тартылган видео тараган. Видеодон Камчыбек Көлбаевди көрүүгө болот. Мындан улам иш-чара Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган болчу.

Количество просмотров: 378