Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу кызматы абак жайлардын биринен тыюу салынган ондогон буюмдар табылганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды аныктоо максатында жаза өтөөчү жайлардын биринде жалпы тинтүү жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында 100гө чукул мобилдик телефон, 160тан ашуун саюучу-кесүүчү буюмдар, акча каражаттары табылып, алынган.
Ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди.