• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулат

27 Тогуздун айы 2020 18:04 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулат. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг жана анализ борборунда, видео конференция аркылуу атайын комиссиянын отуруму болуп өткөн. Анда Атамбаевге байланыштуу чечим комиссия тарабынан кабыл алынган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев СИЗО-1 мекемесине которулуп, ачкачылык жарыялаган болчу.

Количество просмотров: 72