• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖАМК Исаковдун №27 колонияга эмне себептен которулганын айтты

24 Аяк оона 2020 19:53 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №8 түзөтүү колониясынан №27 түзөтүү колониясына которулганы боюнча маалымат таратты.

“Жаза аткаруу кодексинин 72-беренесинин (“Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөчү жерлер”) 5-бөлүмүнө (“Кылмышты жасоого кошо катышкан соттолгондор эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө үчүн жаза өтөөчү ар кандай жерлерге жиберилет”) ылайык, соттолуучу Сапар Исаков жазасын өтөөсүн улантуу үчүн Молдовановка айылындагы №27 колонияга 23-сентябрда которулду”, – деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев которуу эмне себептен болгону тууралуу маалымат берилбегенин айткан эле.

Эске салсак, 2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келатат.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айып салган. Айрым иштери боюнча соттук териштирүү уланууда.

Количество просмотров: 11909