Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалган. Учурда кош бойлуу Сатыбалдиева абалы начарлап ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.
Анын айтымында, анын алдында дагы милициядан ооруканага жеткирилип дарыгерлер «боюнан түшуп калуу коркунучу бар» деген корутунду чыгарган.
Абдирасулова Санрабия менен кошо оператор Калыс Аширбеков дагы камалганын жазды.