Кыргызстанда 9-августка карата коронавирус дагы 483 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 8 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 1 миң 360 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 850 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 564 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 500 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 158 миң 285 киши айыгып чыкса, 2 миң 407 адам каза болду.