• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

“49 жылда ким бар, ким жок?”. Пансионат менен жерди ижарага берүү боюнча депутаттардын пикири

13 Аяк оона 2023 14:38 Бишкек Govori.TV

Азербайжанга көлдөн жер берүү келишиминин долбоору талкуу жаратты. Кечээ Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимдин долбоорун кароону кийинкиге калтырды.

Макулдашуунун долбоорун Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Анын айтымында, макулдашуу 1997-жылдагы кыргыз өкмөтү менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды коргоо жана колдоо келишиминин негизинде иштелип чыкканын белгилеп,49 жыл өткөндөн кийин объект Кыргызстандын карамагына өтөрүн, ошол эле маалда Азербайжан макулдашууну узартууга укуктуу экенин айтты.

Мейманкана куруу мөөнөтү: 3 жыл. Жердин жалпы аянты 17,24 гектар, анын ичинен 4,92 гектары парк, пляж болмокчу. Ал эми  12,32 гектары инфрастурктура же мейманкана курулган жер.

Буга чейин Өкмөттүн көлдөгү төрт пансионатты өзбекстандык компанияларга узак мөөнөттөгү башкарууга беребиз дегени талаш-талкуу жараткан.

Мамлекеттик мүлк агенттиги бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун, жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айтканы бар. Бул боюнча депутаттардын ою кандай?

Количество просмотров: 1113