• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

5-6-октябрдагы массалык тополоң менен коштолгон митинг учурунда ооруканаларга 768 адам кайрылды

7 Тогуздун айы 2020 8:51 Бишкек Govori.TV

5-6-октябрдагы массалык тополоң менен коштолгон митинг учурунда ооруканаларга 768 адам кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын жалпы саны 768 бейтапты түздү, анын ичинен стационардык дарыланууга 218 бейтап жаткырылды, реанимация бөлүмүндө 7 бейтап, бир бейтап каза болду, 550 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилди.


Азыркы учурда тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, адистердин кеңештери уюштурулуп, керектүү дары-дармектер менен камсыздандырылды.

Количество просмотров: 282