Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында-3, Ош облусунда – Баткен облусунда – 1 медкызматкер илдетти жуктурган.
Ошол эле учурда бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыгарылган.
Кошумчалай кетсек, далпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3239 учур катталды, алардын ичинен 2951 медкызматкер айыгып чыкты.