• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

5-апрелге чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1 Чын куран 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет 5-апрелге чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

2-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

3-апрелде жана 4-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 4-апрелде күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде жана 2-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

2-апрелде күндүз жана 3-4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

5-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

2-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

3-апрелде жана 4-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

5-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде күндүз жана 2-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-апрелде күндүз жана 3-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

3-апрелде күндүз чыгыш тарапта жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

5-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде күндүз, 2-апрелде жана 3-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

3-апрелде күндүз Каракол шаарында жаан, кар жаашы мүмкүн, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-апрелде жана 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-апрелде күндүз жаан жаашы мүмкүн.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы
1-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

2-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

3-4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

5-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Количество просмотров: 543