Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.
Кытайдагы Инин шаарында (Синьцзян-Уйгур автономиялык району) бешинчи кабаттан кулаган эки жаштагы ымыркайды 28 жаштагы Тоник Турганбек аттуу жаран тосуп алган. Бул тууралуу «Inside Edition» жазды.
Маалыматка ылайык, жаран үйдүн жанында унаасын токтотуп жаткан. Ал ымыркайдын кулаганын көрүп даро чуркаган. Баланы тосуп өзү да эсин жоготуп жыгылган. Бала да куткарган жаран да ооруканага алынып келинген. Бактыга жараша экөө тең катуу жаракат алышкан эмес.