Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 5-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 18…23,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 22…24 градус болот.