• Бейшемби 26 Бугу 2022
  • Четверг 26 Май 2022

5-майга карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок

5 мая 2022 в 10:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 5-майга карата коронавирустун жаңы учуру жана оорудан сакайгандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, республика боюнча амбулатордук дарыланууда 4 адам бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 62