• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

5-майга карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал

5 Бугу 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

5-майга карата Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Беткен облусунун чек арага чектеш аймактарында катталган фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөөнү көзөмөлдөөдө.

«Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 48 ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Бул каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы эки милиция аймактык пункту менен 707 аскер бөлүгүнүн имаратына зыян келтирилип, компьютерлер, мүлктөр жарактан чыгып, ИИМдин эки автоунаасы талкаланган. Бардык фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөөдө. Ал иликтөөнүн жүрүшү боюнча 48 тергөө тобунун катышуусунда жыйын өткөрүп, отчётторун уккан. Ар бир тергөө тобуна аткарган иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берип, келтирилген чыгымдарды тез арада тактоону жана иликтенип жаткан иштерди кыска мөөнөттө аягына чыгарууну талап кылган.

Количество просмотров: 187