• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

5-март — Ак калпак күнү. Баш кийим тууралуу кызыктуу фактылар

5 Жалган куран 2024 9:11 Бишкек Govori.TV

5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.

Калпак – бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.

Калпактын түрлөрү

«Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот. 

Калпакты кантип кийген оң

Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек. «Бул үйдө баш көтөрөөр эр бүлө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун айтканындай болом», — дегенди түшүндүрөт. Калпактын оң кыргагын басып кийсе аялынан (эгер эркек үй-бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийбеш керек. «Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алар каруу күч калбады», -дегенди билдирет.

Ак калпак тууралуу макал-лакаптар

«Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт» , «Калпакты жерге койбо», «Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң», «Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун».

Калпакка карата ыксыз жоруктар

2018-жылы Бишкекте иттердин көргөзмөсү өтүп анда итке калпак кийгизген айым интернетте чуу жараткан. Улуттук баш кийимди жаныбарга кийгизгендиги үчүн көпчүлүк нааразы болушкан. 

Эң чоң калпак

2016-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерди бийиктиги 3 метрге жакын калпакты жасашкан.

Ак калпакты кийип сүрөткө түшкөндөрдүн арасында биринчи учкуч Юрий Гагарин бар.

Белгилей кетсек, 5-марттын Ак калпак күнү катары белгиленип келе жатканына быйыл 13 жыл толду.

Количество просмотров: 18295