• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленет

1 Жалган куран 202210:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 5-март күнү Ак калпак жана улуттук кийимдердин күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Майрамдык иш-чара шаардын «Ынтымак-2» сейил багында уюштурулат. Анда жөө жүрүш, «Калпак бий» аталышындагы флешмоб болору күтүлүүдө.

Ошондой эле «Кыргыздардын салттуу кийими» үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер-класстар тартууланып, концерттик программа менен коштолот.

Количество просмотров: 381