• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түз эфир: Бишкекте Ак калпак күнү белгиленүүдө

5 Жалган куран 2022 12:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-мартта Бишкекте Ак калпак күнү белгиленип жатат.

Майрамдык иш-чара шаардын «Ынтымак-2» сейил багында уюштурулду. Анда жөө жүрүш, «Калпак бий» аталышындагы флешмоб болору күтүлүүдө.

Ошондой эле «Кыргыздын салттуу кийими» үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер-класстар тартууланып, концерттик программа менен коштолот.

Жыл сайын 5-мартта кыргыз жаштары ак калпакты даңазалап, түрдүү иш-чараларды өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, 5-мартты Ак калпак күнү катары белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан.

Количество просмотров: 189