• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

5-мартта Бишкектин айрым конуштарында суу өчөт

2 Жалган куран 202614:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарынын тургундарына суу берүү убактылуу токтотуларын эскертет.

Маалыматка ылайык, 5-мартта ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай мекемелеринде убактылуу өчүрүлөт.

Бул чара «Ала-Тоо» суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканалар жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 122