• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

5 медкызматкер коронавирус жуктурду

25 Бугу 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн  өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Республика боюнча коронавирус менен ооругандар медициналык кызматкерлер арасында 280 учур катталып, анын ичинен 231 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты», — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал бир күн ичинде бейтапкандан 1 медкызматкер сакайып чыкканын кошумчалады.

Количество просмотров: 109