Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 5-6-ноябрда түнкүсүн аба ырайы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
5-ноябрда Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,
Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,
Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,
Нарын жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13°.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз 0…-2° болот