5-октябрда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Баткен облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24, Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19 градуска жетет.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткеноблустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус жылуу болот.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 21…23 градус болот.