• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

№5 троллейбустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөрөт

19 Бугу 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Эртең, 20-майда №5 троллейбустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга Чүй проспектисинде «Бишкексууканал» ЖККнын оңдоо иштери себеп болууда. Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки тилкеде суу түтүктөрүндөгү авария болгон жерге асфальт төшөлөт.

«Саат 9.00дөн 18.00гө чейин троллейбус Жал кичи районунан Батыш автобекети аркылуу каттайт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 113