• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

15 Жалган куран 202315:26 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-март күнү түнкү саат 21:45 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында белгисиз айдоочу ак түстөгү унаасы менен Кадамжай районунун тургуну 2017-жылы туулган А.Н. аттуу баланы сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү А.Н. денесинен жаарат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында белгисиз тарапка качып кеткен айдоочу Кадамжай районунун тургуну 1953- жылы туулган М.Н. өзүнүн «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен Кадамжай РИИБи боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталып кармалган»,-деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда, айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулган. Учурда бул факты иликтенип жатат.

Количество просмотров: 416