Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.
27 жаштагы Аида Аралбаева 2018-жылы жолдошу менен ажырашып, 2019-жылдын март айында бул тууралуу сотко арыз калтырган. Буга ылайык, анын жолдошу 5 жаштагы кызы Каныкей менен жолуктуруудан баш тартып келет
“Кызым мен барганда катуу ыйлап мени ээрчип жатат. Мындан 15 күн мурун курбум экөөбүз кызыма жолукканы барганда аны жашыруун тартып алганбыз. Соттун 3-отуруму 27 майда болот. Бирок, ошого чейин кызым менен жолугууга жолдошум мүмкүнчүлүк бербей жатат”,-деп билдирди каарман.